Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нарын облусунда жүрөт

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нарын облусуна барды. Сапардын алкагында “Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышканын өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Нарын” аэропортунун аэробекетинин жаңы имаратынын курулушу учурда аяктоо алында турат.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда.

Белгилей кетсек, «Нарын» аэропортунун имараттары жана курулуштары 1964-жылы, жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон 1974-жылы ишке берилген.

Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жокутугунан аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты