Президент Садыр Жапаров чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 28-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 25 жыл толду. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров чек ара кызматкерлерине куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө учурда дүйнө ар кандай чакырыктар жана коркунучтурга туш болуп жатканын, мындан улам чек ара кызматынын ролу болуп көрбөгөндөй мааниге ээ болгонун айтты.

«Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу талыкпай эмгектенүүнү, аскерий билимди жана күжүрмөндүк деңгээлди такай жогорулатуп турууну, чыдамкайлыкты, эң татаал шарттарда ыкчам жана туура чечим кабыл алууну талап кылат.

Ушул өңүттө биздин чек арачыларыбыз эл аралык аренада кесипкөйлүктү жана эрктүүлүктү көрсөтүп жатканы сыймыктандырат. Биргелешкен машыгууларга катышуу жана башка өлкөлөрдөн келген кесиптештер менен тажрыйба алмашуу чек ара кызматыбыздын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, эл аралык кызматташтыкты жана аймактагы коопсуздукту чыңдоого жардам берет.

Биз чек ара кызматынын потенциалынын жогорулашы өлкөбүздөгү коопсуздуктун жана туруктуулуктун ачкычы экенин жакшы түшүнөбүз«, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Садыр Жапаров учурда мамлекет тарабынан чек ара кызматынын шарттарын жакшыртууга, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана заманбап техникалар менен камсыздоого бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле, чек ара инфратүзүмүн модернизациялоо, жаңы технологияларды киргизүү, аскер кызматкерлеринин турмуш шартын социалдык жактан камсыздоону жакшыртуу иштери улантылып жатканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты