Президент Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жабыр тарткандарга барды

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жабыр тарткандарга барып, алардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровго бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, бардык зарыл болгон медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Жабыркагандар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Президент бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чараларды көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди«, — деп айтылат маалыматта.

2-февралга караган түнү Бишкек Жылуулук электр борборунда жарылуу болуп, андан беш адам жабыркаганы айтылган. Алардын ичинен экөө өтө оор абалда, жандардыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирөө күйүк бөлүмүндө, анын абалы оор деп бааланууда. Эки жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты