Президент Садыр Жапаров Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди.

Президент Садыр Жапаров чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бул президент Жапаровдун сентябрдагы чек ара жаңжалынан кийинки Баткенге болгон алгачкы сапары.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты