Президент Садыр Жапаров Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Быйыл улуттук валютабыздын – кыргыз сомунун колдонууга киргизилишинин 30 жылдыгы белгиленүүдө. 1993-жылы советтик мезгилден кийинки өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгарып, өз алдынча акча-кредиттик саясат жүргүзүүгө өткөн.

Улуттук валютаны киргизүү эгемендүү Кыргызстандын тарыхында маанилүү роль ойногон, улуттук төлөм жана банк тутумдарынын калыптанышына жана өнүгүшүнө негиз болгон.

Банк секторунун кызматкерлеринин ишине жасаган ак ниет жана кесипкөй мамилеси, алдыга коюлган максаттарга умтула билүүсү, ишке болгон жоопкерчилиги жана күчтүү жарандык аң-сезиминин аркасында өлкөбүздүн банк системасы жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, ата мекендик каржы рыногун гана эмес, бүтүндөй өлкө экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келе жатат.

Ал эми учурдун талабын жана глобалдуу тенденцияларды эске ала турган болсок, банк тутумунун алдында инновациялык банктык өнүмдөрдү жана технологияларды киргизүү, банктык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана аны калк арасында кеңири жайылтуу, туруктуу каржылоо принциптерин киргизүү, киберкоопсуздукту жогорулатуу милдеттери турат.

Биргелешкен аракет, ак кызмат жана мекенчилдик сезим менен жарандардын каржылык бакубаттуулугун, мамлекеттин финансылык туруктуулугун чыңдоо боюнча алдыга коюлган негизги максаттарыбыз ишке ашарына бекем ишенем», — деп жазылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты