Президент Садыр Жапаров авария болгон Бишкек ЖЭБине барды

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Борбор калаадагы ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда«, — деп айтылат маалыматта.

2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу жана жылуулук берүүдө чектөөлөр киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты