Президент: «Райым Матраимовго криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо деп айткам»

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек берди.

Президентке «Митингдерге чыгабыз деген мындай билдирүүлөрдөн кийин соцтармакта буларды айтылуу Райым Матраимов каржылап жатат деген пикирлер көп айтылды. Бул боюнча сизде маалымат барбы? Райым Матраимов өз кезегинде кылмыш чөйрөсү менен байланышта болгону айтылып келет», -деген суроо берилди.

Садыр Жапаров аларда Райым Матраимов каржылап жатат деген маалымат жок экенин айтты.

«Мен Райым Матраимовду бир эмес, эки жолу кабыл алгам. Биринчисинде мыйзамдагы ууру Көлбаев экөөнү кабыл алгам. Ал жолугушууда Камчыбек Ташиев да болгон. Ошондо Көлбаевге катуу эскерткем: «Эски заманыңарды унуткула. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар бири-бириңерди өлтүрбөгүлө. Саясатчылардын, инвесторлордун бир тал чачы түшпөсүн. Мындан ары тынч, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жашагыла» деп. Тилекке каршы, элди тоноосу токтободу. Базарларда майда чүйдө бизнестерге чейин үлүшкө олтуруп алыптыр. Кээ бир бизнесмендердин мүлктөрүн тартып алган фактылар аныкталды.

Экинчисинде Райым Матраимовдун өзүн кабыл алып: «Эки миллиард төлөдүң, Элдьдорадо соода борборуң, 10 батириң жана башка оокаттарың мамлекетке өттү. Эми мындан ары тынч өз оокатыңды кыл. Криминалдарга аралашпа, алар менен дос болбо» деп айткам. Тилекке каршы, байланышын үзбөптүр да. Атайы кызматы анын криминал менен байланышкан иштерин таап чыгышты. Мурда эми өз эрки менен эки миллиард төлөгөндөн кийин деп канча мүлкү бар экенин андан ары казган эмес. Бул жолу башкаларга каттап койгон мүлктөрүнүн баарын таап чыгышты. Мамлекеттин пайдасына өткөрүп жатышат», — деди Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты