Президент парламенттин жыйынында кайрылуу жасайт
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөйт. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, саат 11:00дө жаңы дайындалган министрлер ант беришет.
«Андан кийин Садыр Жапаров парламенттин жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле депутаттарга мамлекет башчысына суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилет», — деди төрага.
Муну бөлүшүү




