Президент Ноокат — Кызыл-Кыя унаа жолун капиталдык оңдоодон өткөрүүнү тапшырды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокат-Кызыл-Кыя унаа жолунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолдун азыркы абалы боюнча жарандардан бир канча арыз түшкөн.

Президент Садыр Жапаров бул автожолду капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Ошол эле учурда оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты