Президент Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кылып дайындады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Медербек Сатыевди 5 жылдык мөөнөткө Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагалыгына дайындады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Сатыевди төрагалыкка дайындаган Жарлыкка бүгүн, 24-октябрда кол койду.

Эске салсак, кечээ, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалыгына дайындоого макулдук беришкен. Жыйынга катышып отурган 78 депутаттын 75и макулдук берген.

Медербек Сатыевдин 2013-жылы Жогоку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын курамында болгондугу белгилүү. Анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов ошол учурда бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталышкан эле.

Медербек Сатыев дагы эмнеси менен белгилүү экендигин «Политклиниканын» «Жогорку соттун төрагалыгына бараткан Медербек Сатыев ким?» аттуу макаласынан окуп билиңиз.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты