Президент «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга кол койду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган.

«Мыйзамдын максаты — ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен максималдуу пайдага жетүү, туруктуу өнүктүрүү жолу менен улуттун бакубаттыгын жогорулатуу», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталынын 50%дан көбү мамлекетке таандык акционердик коомдордун жана алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары аталган мыйзам менен жөнгө салынбайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты