Президент маегинде кастык тилин жана манипуляциянын ыкмасын колдонгон (Фактчекинг)

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек берди. Президенттин маекте айткан сөздөрү социалдык тармактарда ар кандай талкууларды жаратты. “ПолитКлиника” медиасы мамлекет башчынын маегин анализдеп көрдү. 

Президент маегинде кастык тилин жана манипуляциянын ыкмасын колдонгон (Фактчекинг)

Садыр Жапаров маегинде кастык тилин колдонду

Садыр Жапаровго “Равшан Жээнбеков, Исмаил Исаков, Адахан Мадумаров жана башкалар чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү ачыктоону талап кылууда. Эмне үчүн бул маселе деталдуу айтылбай жатат? Же кандайдыр бир сыр барбы?” деген суроо берилген. 

Анда президент жогоруда аты аталган саясатчылар тууралуу сөз кылган.

Президент маегинде кастык тилин жана манипуляциянын ыкмасын колдонгон (Фактчекинг)

Садыр Жапарова кайра эле “арам ойлору”, “бузукулардын” деген сөздөрүндө кастык тилин колдонгон.

“ПолитКлиника” буга чейин дагы Президенттин маектерин анализдеп, кастык тилинин белгилерин тапкан эле. Аларды “Фактчек”бөлүмүнөн окуй аласыздар. 

“Кастык тили” деген эмне?

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ.

Жогорудагы сөздөр терс баа берүүчү, ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. Президенттин бул сөздөрү “Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча “Дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактаган мүнөзү боюнча дискриминациялык жек көрүүгө үндөө” деген түрүнө кирет. 

Жогорку Кеңештин имаратына курал алып жүрүүгө тыюу салынган

Садыр Жапаров журналисттин суроосуна жооп берип жатып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешке курал алып келгенин тастыктап жатат.

Президент маегинде кастык тилин жана манипуляциянын ыкмасын колдонгон (Фактчекинг)

Жогорку Кеңештин Регламентинин 145-беренесинде депутаттарга, ошондой эле чакырылган жана Жогорку Кеңеште аккредиттелген адамдарга парламенттин имаратында курал алып жүрүүгө тыюу салына турганы жазылган.

Президент маегинде кастык тилин жана манипуляциянын ыкмасын колдонгон (Фактчекинг)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин регламентининин 145-беренебиз бузган.

Садыр Жапаровдун манипуляциясы

Ал Өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев тууралуу дагы сөз кылды. Анда президент Өмүрбек Суваналиевди эмне себептен кызматтан бошотконун айткан.

Президент маегинде кастык тилин жана манипуляциянын ыкмасын колдонгон (Фактчекинг)

Өмүрбек Суваналиев бул кызматка 2021-жылдын 15-февралында дайындалган. Ал учурдагы эски Конституцияга ылайык, аны кызматка ошол кездеги премьер-министр Улукбек Марипов дайындаган. 

Президент маегинде кастык тилин жана манипуляциянын ыкмасын колдонгон (Фактчекинг)

Суваналиев 2021-жылы май айында Улукбек Мариповдун буйругу менен кызматтан кеткен. Ал башка жумушка өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткени айтылган. Бирок Өмүрбек Суваналиев эч кандай кызматка дайындалган эмес.

Суваналиевди кызматтан президент Садыр Жапаров бошоткон эмес. Ал ошол кездеги премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен кызматынан бошотулган. Президент “Өмүрбек Суваналиевди дароо алмаштырдым” деген сөзүндө манипуляция ыкмасын колдонгон. 

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаров “арам ойлору”, “бузукулардын” деген сөздөрүндө “кастык тилин” пайдаланган.  Жапаров “Өмүрбек Суваналиевди дароо алмаштырдым” деген сөзүндө манипуляция ыкмасын колдонгон. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешке курал алып келгенин тастыган. Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин регламентининин 145-беренебиз бузган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты