Президент маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 2-ноябрда президент Садыр Жапаров маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Маданият кызматкерлеринин күнүндө улутубуздун уникалдуу баалуулуктары менен нарк-насилин даңазалаган маданий мурастарыбыз, чыгармачыл дараметибиз белгиленет. Маданият жана искусство – каада-салтты, аны менен кошо элибиздин келечекке умтулууларын чагылдырган коомдун күзгүсү. Көркөм өнөр чеберлери улуттук иденттүүлүктү калыптандырууда жана сактоодо маанилүү роль ойноорун коомчулук жакшы билет. Сиздер элибиздин үрп-адатын, руханий маданиятын жана тарых-таржымалын тереңден түшүнүүгө, ошону менен катар социалдык-маданий байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болуп келесиздер. Өз ара түшүнүшүүгө жана дүйнө бейпилдигине көмөкчү болуу менен бирге ар кыл маданияттар, ар түрдүү улуттар ортосуна көпүрө болуп, алака-мамилени чыңдайсыздар. Маданий шедеврлерди жараткан кыргыз искусствосу дүйнөлүк маданияттын казынасына зор салым кошуп келет. Кыргыз жазуучуларынын, сүрөтчүлөрүнүн, артисттеринин, кинематография өкүлдөрүнүн ысымдары чет өлкөлөрдө дагы кеңири белгилүү. Биз сиздер менен – ажайып сүрөттөрдү жараткан кыл калем ээлери, жан дүйнөнү эс алдырган музыканттарыбыз, турмуш агымын дал ошондой кылып ойногон актерлорубуз жана жашообузга көрк берип, бизди шыктандырган чыгармаларды жараткан бардык таланттарыбыз менен сыймыктанабыз. Бүгүнкү күндө мамлекет маданият тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, чыгармачылык багыттар боюнча окуп жаткан таланттуу жаштарды колдоого алууда. Маданият тармагынын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоону да колго алууда. Маданий мурастарды сактоо жана калыбына келтирүү, маданий баалуулуктарды толуктоо, маданият уюмдарын маалыматташтыруунун техникалык каражаттары менен камсыз кылуу жана башка чаралар каралган “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” Жарлык чыкканын да жакшы билесиздер. Урматтуу маданият өкүлдөрү, кадырлуу өнөрпоздор! Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм.Жан дүйнөбүздү байытып, жашообузду жарык кылган чыгармачылыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин жараткан эмгегиңиздер, маданий мурастарды сактоого жан үрөгөн күч-аракетиңиздер жана чыгармачыл идеяларыңыздар жүрөгүбүздө өчпөс из калтырарына терең ишенем», — деп жазылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты