Президент кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сиздерди жаратылыш жанданып, мезгил ырааты алмашып, жаңылануунун жана жаңы жашоого умтулуунун белгиси болгон Нооруз элдик майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Кылымдарды карытып, ар жылы көктөмдүн келишин утурлай майрамдалып келаткан Нооруз майрамын белгилөө салты кыргыз элинин дүйнө таанымынын кеңдигин, маданиятынын көөнөлүгүн жана руханий мураска ээ экендигин айгинелеп турат.

Улустун улуу күнү атыккан бул майрам баарыбызды жаратмандыкка жетелеп, өсүп-өнүгүүгө күч-кубат тартуулайт.

Тарых-таржымалы нечендеген кылымдардын түпкүрүнө алып бара  турган жаңы жыл башаты – жалпы элдик майрам, өлкөнүн туруктуулугун, ынтымагын, элдердин достугун чыңдоого өбөлгө болгон улуу күн.

Нооруз элибиздин бай маданияты менен улуу нарк-насилинин тээ тереңден келгендигин туюндуруп, аруулук, мээримдүүлүк, кол суна билүү сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктарын эске салат.

Жаз чакырган жаркын майрамыбыз дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда өзгөчө мааниге ээ. Бул бизге бейпил турмуштун, береке-куттун канчалык маанилүү экенинен кабар берет. «Ынтымак бар жерде – ырыс бар» деген сөздүн мааниси так ушунда жатат.

Сиздерди дагы бир жолу жаз жышааны – Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Жаздын, жаңылануунун жана жаратмандыктын майрамы бизге илгери үмүт болуп, күч-кубат берсин! Нооруз ар бир үйгө токчулук, молчулук алып келсин! Өлкөбүзгө өнүгүү, элибизге бакубат турмуш каалайм», — деп айтылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты