Президент кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

  • 1 год мурун
Президент кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Бүгүн, 3-мартта президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Өткөн кылымдын акыркы он жылдыгында Кыргызстан эгемендигине ээ болуп, жаңы тарых барагын ачкан. Эң алды менен мамлекеттик символдорун кабыл ала баштаган.

Мына бүгүн ошол символикалык белгилерибиздин негизгиси – Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнү!

Баарыңыздарды мекенчилдиктин, ийгиликтин, жеңиштин белгиси болгон мамлекеттик кызыл туубуздун кабыл алынган күнү менен куттуктаймын!

Ар бир көз карандысыз өлкөнүн туусу башкалардан өзгөчөлөнтүп турган мамлекеттик белгиси болуп саналат. Ал ошол өлкөнүн эркиндигин туюндуруп, жаркын келечекке жол баштайт.

Мамлекеттик туу жамы журтту, жалпы коомчулукту бириктирип, жеке кызыкчылыктан жалпы кызыкчылыкка, кокту-колоттук кызыкчылыктан улуттук кызыкчылыкка жетелеп, ар бир жарандын ар-намысын ойготуп, адеп-ыйманын, акыл-эсин жана бекем сабырын калыптандырууга кызмат кылышы керек.

Мамлекеттик туубуздун көркүн ачкан түстөр менен андагы бири-бирине бап келип жарашып турган элементтер элибиздин карт тарыхын, социалдык, рухий көркөм маданиятын чагылдырып, ар бир кыргыз жаранынын жан дүйнөсүн шыктандырып турат. Көк жиреген кызыл туубуз эгемендикти ар дайым эстетип, эзелтен ата-бабаларыбыздын калтырган таберик мурастарына ээлик кылууга дем берип, Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине болгон ишенимди бекемдеп турганы турган. Андыктан кызыл туубуздун кыргыз элинин карт тарыхынан алган орду өзгөчө! Аны унутууга эч кимдин акысы жок», — деп айтылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты