Президент Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө энергетика тармагына дагы токтолду. Анда өлкө башчысы Кыргызстанда эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу энергетиктер өз күчү менен кыска мөөнөттө жаңы объектилерди ишке киргизип жатканын белгиледи.

«Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон “Камбарата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам. Быйыл чакан ГЭСтерди курууга да өзгөчө көңүл бурулууда. Бул аракеттер энергетиканын кубаттуулугун гана арттырбастан, аны экспорттоого да шарт түзөт. Келечекте Кыргызстан электроэнергияны импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айланат», — деди Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты