Президент кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл аягына чейин бериле турганын билдирди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл аягына чейин бериле турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

“Кудай буюрса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп алып келебиз. Биз кошуна өлкөлөр менен ынтымакта, түбөлүк достукта жашашыбыз керек. Эч качан ок атылып бир дагы жоокерибиз, жараныбыз каза болбош керек. Бүгүн айтылып өттү, 199 миң чарчы чакырым болсо, эми 210 миңден ашыгыраак чарчы чакырым болуп биздин картабыз чоңоюп жатат. Тажикстан менен да бүтүрөбүз. Ошондо Кыргызстан коопсуз, бүтүн Кыргызстанбыз деп айтсак болот. Азыр бүтүн эмеспиз жарты Кыргызстанбыз. Азыр кайтарып бүтүн кылып жатабыз”, — дейт Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты