Президент “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Бул мыйзамдын негизги максаты — бөгөт коюу чараларынын ичинен күрөөнүн ролун күчөтүү, ошондой эле соттук териштирүүдө видеоконференц байланыштын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзамда төмөнкү жаңы жоболор каралган:

  • “Видеоконференция байланышы” жана “онлайн-трансляциялоо” түшүнүктөрү киргизилди; 
  • Айыпталуучуга соттук отурумдардын протоколдору менен (аудио жана видео жазууларды кошкондо) таанышууга жана аларга сын пикир айтууга укук берилди;
  • Соттук териштирүүнү түз эфирде (телевидение, радио же интернет аркылуу) өткөрүү боюнча өтүнмө берүү мүмкүнчүлүгү каралды;
  • Соттук отурумдарды аудио жана видео каражаттар менен милдеттүү түрдө жазуу талап кылынат;
  • Аудио же видео жазуулардын жоктугу — соттун чечимин кайра кароо же жокко чыгаруу үчүн негиз боло алат;

Бул өзгөртүүлөр сот адилеттүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылууга жана жараяндардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты