Президент куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү маселелерин белгиледи

  • 1 год мурун

Бүгүн, 13-июнда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын ачып жатып, өлкөнүн Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү маселелерине токтолду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мен президент жана Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы катары, биринчи кезекте мамлекетте орун алган көйгөйлөрдү чечүүгө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган көптөгөн тапшырмаларды бергем. Бул багытта көп иштер жасалды, буга жалпы элибиз да күбө болду. Ошентсе да алдыбызда жасай турган дагы көптөгөн иштер бар.

Эсиңиздерде болсо менин алгачкы тапшырмаларымдын бири Улуттук коопсуздук концепциясынын ажырагыс бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын жаңы Аскердик доктринасынын долбоорун иштеп чыгуу болгон.

Өзүңүздөр билесиздер, өлкөбүз төрт мамлекет менен чектешет. Жети облустун ар бири чек аралык аймак болуп саналат, 40 административдик райондун 80 пайызы коңшу мамлекеттер менен түз байланышып турат. Кыргызстандын чек арасында жана Борбор Азиянын алыскы аймактарында жалпысынан биздин өлкөгө түз дагы, кыйыр түрдө дагы таасир эткен ар кандай процесстер жүрүүдө.

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтардын маалында өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуубуз өтө маанилүү! Сиздер билгендей, мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга чоң күч жумшап, бир топ иштерди жүзөгө ашырып жатабыз.

Акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу чек арабызды жана биздин жарандарыбызды коргоо үчүн зарыл болгон заманбап куралдарды өзүбүз сатып алдык. Бул бир гана “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттары эмес, башкалары да бар. Анын ичинде биз өнөктөш жана союздаштарыбыздан Борбор Азияда азырынча андай аналогдору болбогон курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн «Airbus» маркасындагы 2 жаңы тик учак алдык. Коргоо министрлиги үчүн бюджеттик каражаттардын эсебинен 5 тик учак капиталдык ремонттоодон өтүп, андан тышкары жаңы “Ми-17 В5” тик учагы сатып алынып, кошумча дагы “Ми-17” маркасындагы тик учагын сатып алуу пландалган.

Мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруунун алкагында аба чабуулунан коргонууну камсыз кылууга жардам бере турган “Печора” модернизацияланган мобилдүү зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды. Ушул сыяктуу жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Орусия менен аба чабуулунан коргонуунун бириккен региондук системасын түздүк», — дейт президент.

Мамлекет башчы кандай гана чыр-чатак болбосун, аны алдын алууга же бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептей турганын айтты. «Биз ички жана тышкы саясатта дал ушул принципти карманабыз. Ошол эле учурда, бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп жатса, үйлөрүбүз жана башка инфратүзүмдөрүбүз талкаланып өрттөлүп жатса, биз андайга жөн гана байкоо салып отура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз. Тилекке каршы, азыркы учурда дүйнө жүзүндө кыйын кырдаал түзүлүүдө. Ал региондук эле эмес, глобалдык деңгээлде да тез өзгөрүп, аскердик-саясий аракеттер менен коштолууда.

Мунун баары аскердик жана мамлекеттик башкаруу системасын бекемдөө зарылдыгын эскертип, аскердик коопсуздук коркунучтар артып баратканынан кабар берет. Ага ылайык аскердик коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылууга мамлекеттик көз карашты кайра карап чыгууну талап кылууда.

Мамлекетибиздин коопсуздугун ушундай ыкмалар менен гана чек ара чыр-чатактарынан, ниети түз эмес мамлекеттердин куралдуу агрессиясынан жана башка коркунучтардан натыйжалуу камсыз кылууга, ошондой эле жергебизди ар кандай террористтик жана экстремисттик-бандалык түзүлүштөрдүн басып кирип келүүсүнөн коргоого боло турганын практика көрсөтүп турат.

Ушул максаттарда, менин тапшырмама ылайык, Коргоо министрлиги Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен биргеликте жаңы Аскердик доктринанын долбоорун иштеп чыккан”, — дейт ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты