Президент Кербен шаарындагы «Караван» аэропортун модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан «Караван» аэропортун модернизациялоо долбоорунун аткарылышы менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда «Караван» аэропортун модернизациялоо боюнча оңдоо иштери дээрлик аяктап, июль айынын аягына чейин аэровокзалдын ишке берилиши пландалууда. Алар аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

Мамлекет башчысы башталган программанын алкагында аймактардагы аэропортторду модернизациялоо, өлкөнүн аймактарында ички аба каттамдарын жакшыртуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканына басым жасады.

Президент Садыр Жапаров бул чаралар биринчи кезекте жарандардын ыңгайлуулугуна, туризмди өнүктүрүүгө, аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталганын эске салды.

«Караван» аба майданында ички аба каттамдарды тейлей турган аэровокзал бар. Бишкек-Кербен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдар коммерциялык жүктүн жоктугуна байланыштуу токтотулган. Бул каттам боюнча акыркы рейс 2007-жылы жасалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты