Президент Караколдогу Пушкин атындагы паркта оңдоп-түзөө иштери менен таанышты    

  • 3 месяца мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Каракол шаарындагы Пушкин атындагы сейил бакты реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. 

Бул тууралуу мамлеет башчынын сайтында маалымат берилди.

Сейил бактын жалпы аянты 7,5 гектарды түзөт. Реконструкциянын алкагында административдик имарат жана амфитеатр курулуп, сегиз заманбап аттракцион, анын ичинде айланма дөңгөлөк жана америкалык “горкалар” орнотулду, каскаддуу жана кургак фонтандар, балдар оюн аянтчасы жана скейт аянтчасы курулду. 

Мындан тышкары, сейил бактын аймагы көрктөндүрүлүп, жөө жүргөндөр үчүн жол салынды, унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, автоматтык сугаруу жана тышкы жарык системалары орнотулду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты