Президент көп аялдуулук үчүн жазаны алып салуу мыйзамын артка кайтарды

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңешке кайтарды.

Мыйзам 25-июнда парламент тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги ченеми – эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту деп таануу.

Каршы пикирлер Акыйкатчынын, Башкы прокуратуранын, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин жана Конституциялык соттун аппаратынын корутундуларынын негизинде даярдалды.

Президенттин жарлыгында эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келет деп айтылат.

Мамлекеттин гендердик теңчилик жана укуктун үстөмдүгү принциптерин жактагандыгын билдирет. Аялдарды жана балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргойт. Ошондой эле Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген үй-бүлө институтун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты