Президент иш сапары менен Орусияга жөнөп кетти

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 20-февралда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча боло турган сапардын алкагында Казань шаарында өтүүчү «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.  Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Садыр Жапаровдун Орусиянын президенти Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты