Президент эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы экологияны сактоо маселесин талкуулады (Фоторепортаж)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта, «Ала-Арча» Кыргыз мамлекеттик жаратылыш багында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнө старт берип, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү менен Луиз Чемберлен жана ЕККУнун программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен баарлашты.

Луиз Чемберлен белгилегендей, Президент Садыр Жапаровдун Глазгодо өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык Конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде сүйлөгөн сөзү абдан маанилүү. «Сиздердин экологияны сактоо маселесине ушундай көңүл буруп жатканыңыз абдан маанилүү. Биз мындай демилгелерди колдойбуз», — деди ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү.

ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов Кыргызстандын климатты коргоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин жана «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын колдоорун билдирди.

Президент эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы экологияны сактоо маселесин талкуулады (Фоторепортаж)
Президент эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы экологияны сактоо маселесин талкуулады (Фоторепортаж)
Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы

Жолугушууга ошондой эле жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов катышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты