Президент эки депутатты Башкы прокуратурага суракка чакырган жагдайларды иликтөө боюнча жумушчу топ түздү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын Башкы прокуратурага суракка чакыруунун жагдайларын иликтөө боюнча жумушчу топ түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламент жыйынында билдирди.

«Буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовго карата Башкы прокуратура тарабынан басым болгону айтылган. Ошол кайрылуулардын негизинде президент жумушчу топ түздү. Жумушчу топко бир апталык убакыт берилди», — деди ал.

Эске салсак, Башкы прокуратура Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаевди суракка чакырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты