Президент депутаттарды саясий оюндардан оолак болууга чакырды

  • 2 месяца мурун

Президент депутаттарды саясий оюндардан оолак болууга чакырды. Бул тууралуу ал «Кактус медиа» басылмасынын журналисти Марат Уралиевге берген маегинде билдирди.

Президент ошондой эле мандатын тапшырган депутаттардын ал окуяга тиешеси барбы деген суроого  Жогорку Кеңеште чагым салган депутаттар тобу бар экенин жана алардын ойлору ишке ашпай калгандан кийин, ошол ишке тиешеси барлар мандатын тапшырганын билдирди. Ал тергөө акыркы жыйынтыкты чыгарарын кошумчалады.

“Мен буга чейинки маегимде белгилегендей, Жогорку Кеңеште кандайдыр бир топ түзүлүп, саясий интрига жасоо аракетин көрүшкөн. Алардын пландары ишке ашпай калгандан кийин, айрым депутаттар күнөөсүн түшүнүп, мандаттарын тапшырышты. Акыркы корутунду тергөө аяктагандан кийин чыгарылат. Дегеле, мен депутаттарды саясий оюндардан алыс болуп, элдин кызыкчылыгы үчүн мыйзам чыгаруу иштерине басым жасоого жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө чакырат элем” деди президент.

Быйыл февралда УКМК төрагалыгынан Камчыбек Ташиев алынгандан кийин Жогорку Кеңештеги 10дон ашык депутат мандатын тапшырган. Алардын ордуна жаңы депутаттар келген.

Президент депутаттарды саясий оюндардан оолак болууга жана мыйзам чыгаруу ишине негизги көңүлдү бурууга чакырды.  

Сүрөт: Кактус медиа   

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты