Президент Бишкектеги жатак-мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн шарттары менен таанышты
- 1 неделя мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, ата-энесинин камкордугунан ажыраган, интернат тибиндеги балдар мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн жашоо шарттары менен таанышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Мамлекет башчыга Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) турак жай фондунун базасында толугу менен мамлекеттик камкордукта болгон томолой жетимдер үчүн убактылуу жашоо уюштурулгандыгы тууралуу маалымдалды.
МИК жаштар үчүн атайын социалдык конок үйүн бөлгөн, ал жерде бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларында окуу мезгилинде же жумушка орношуу баскычында жашай алышат.
Батирлер балдарга жана кыздарга арналган эки блоктон турат. Бул жерде өз алдынча жашоого ыңгайлашууга, билим алууга жана кесиптик келечектеги кесиптик жолун пландаштырууга өбөлгө түзгөн бардык зарыл турмуш-тиричилик шарттары түзүлгөн.
Учурда бул жайда 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 бүтүрүүчү (10 бала жана 15 кыз) жашайт. Алар Бишкек шаарындагы, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.
Президент Садыр Жапаров турак жайларды көрүп чыгып, жаштардын жашоо-тиричилик шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Ошондой эле алардын билим алуу жана келечектеги кесиптик пландары тууралуу сүйлөштү.
“Бүгүн бул маселе иш жүзүндө чечилди: улан-кыздар жогорку окуу жайын бүтүрүп, жумушка орношконго чейин бир нече жыл ушул жерде жашай алышат» деди.
Ошондой эле социалдык турак жай Ош облусунда да уюштурулуп, анда түштүк аймактарындагы бүтүрүүчүлөр жашашат.
Келечекте алар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программаларына кезексиз катышуу укугуна ээ болушат. Мындан тышкары, өз үйүн сатып алуу үчүн мамлекеттик “Келечекке салым” программасынын алкагында берилүүчү 500 миң сом өлчөмүндөгү топтомо депозиттин каражаттарын пайдалана алышат.
Сүрөт: president.kg




