Президент Бишкектеги музыкалык билим берүү мекемелерин оңдоону тапшырды

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын музыкалык билим берүү мекемелеринин ишмердигин күтүүсүз текшерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Садыр Жапаров М. Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатына жана М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайына барды. Мамлекет башчы окуу корпустарын карап чыгып, балдардын окуу шарттары жана процесси менен таанышты.

М. Абдраев атындагы мектеп-интернат совет мезгилинде курулуп, окуу корпустары оңдоп-түзөөгө муктаж, балдар жатаканасынын имараты болсо кейиштүү абалга келген. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы 1939-жылы курулуп, 2015-жылы имараттын маңдайкы бөлүгү гана оңдолгон. Жетекчиликтин маалыматы боюнча, эч качан капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес.

Күтүүсүз барып, текшерүүнүн жыйынтыгында президент Жапаров эки мектепте тең капиталдык оңдоо иштерин жасоону, билим алуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнү, ошондой эле эки мектептин аймагында балдар үчүн жатаканалардын жаңы имараттарын куруп баштоону тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты