Президент Бишкек шаарынын ИИББинин жаңыланган имараты менен таанышты
- 10 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын толугу менен жаңыланган имаратына барды. Имарат мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине таандык болуп, толук реконструкцияланып, заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Бул жерде ыкчам бөлүмдөрдүн, тергөө кызматтарынын жана участкалык инспекторлордун натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Жаңы имаратта «Коопсуз шаар» долбоору менен интеграцияланган кырдаалдык борбор ишке кирип, ал калаанын коопсуздугун реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө жана окуяларга ыкчам жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк берет. Президент ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков биргеликте башкармалыктын аймагына көчөт отургузушту.




