Президент «Бир айыл — бир продукт» улуттук экономикалык долбоору жөнүндө жарлыкка кол койду

  • 1 год мурун
Президент «Бир айыл — бир продукт» улуттук экономикалык долбоору жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Бир айыл — бир продукт» улуттук экономикалык долбоору жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бир айыл — бир продукт» долбоору (БАБП) өлкөнүн региондорун өнүктүрүү максатында Японияда иштелип чыккан жана ал калктын бакубаттуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошкон. 

Аталган долбоорунун концепциясы тигил же бул регионду чагылдырган уникалдуу, сапаттуу продукцияны изилдөө жана өндүрүү болуп саналат. 

Долбоор үч принциптен турат: 

«өз күчүнө ишенүү жана креативдүүлүк»;

«адам ресурстарын өнүктүрүү»; — — «жашаган жерине жараша ой жүгүртүү, бирок глобалдуу аракеттенүү». 

Долбоор жергиликтүү ресурстардан сапаттуу продукция өндүрүүнү, бизнести башкаруу, маркетинг жана продукцияны сатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү көз карашынан алганда өндүрүүчүлөрдүн көндүмдөрүн өнүктүрүүнү, продукцияны жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо илгерилетүүнү, жергиликтүү бренддерди түзүүнү жана продукциянын баалуулугун жогорулатууну болжолдойт. 

Кыргыз Республикасында долбоор бир нече жылдан бери Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып келет жана жумуш орундарын түзүү, өндүрүлгөн продукцияны Японияга, Кытай Эл Республикасына, Америка Кошмо Штаттарына жана Казакстан Республикасына экспорттоодон пайда алуу түрүндө оң натыйжаларды көрсөтүүдө. 

Министрлер кабинетине «Кыргызстанда жасалган» (Made in Kyrgyzstan) улуттук брендин түзүү тапшырылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты