Президент Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

  • 3 жума мурун

Президент Садыр Жапаров Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

«Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө банк чөйрөсүнүн ролу чоң. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын экономикасы COVID-19 пандемиясынын терс таасирине карабастан өнүгүүсүн улантуу менен, дүйнөдөгү геосаясий жагдайга байланыштуу жаңы тоскоолдуктарга да дуушар болууда.   

Глобалдуу саясий жана экономикалык туруксуздук шартында Кыргызстандын финансы-кредит уюмдарынын ишиндеги негизги көрсөткүчтөрдүн бекемдиги жана туруктуулугу жалпы банк секторунун туруктуулугун сактоого шарт түзөт.  

Бүгүнкү күндө ар бир жаран үчүн кадимки жана санарип каналдар боюнча финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда, экономика тармактарын жана калкты өз учурунда каржылоого жөндөмдүү, туруктуу жана ишенимдүү системаны түзүүдө, ички финансылык ресурстарды натыйжалуу мобилизациялоодо жана калктын муктаждыгына жараша банк кызматтарын сунуштоодо банк секторунун өзгөчө  ролун белгилеп кетүүгө болот. 

Экономиканы колдоого жана калыбына келтирүүгө багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашыруунун натыйжасында, кыска мөөнөттүү максат менен катар эле, узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүүчү жигердүү иштерди жүргүзүү зарыл. Экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнү улантуу, карыз алуучулар жана аманатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, банк кызматтарынын сапатын жакшыртуу жана инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу улуттук төлөм системасын өнүктүрүү банк секторунун милдети болуп саналат. 

Учурда жаңы глобалдуу чакырыктарды эске алуу менен жашыл, санарип, креативдүү экономиканы өнүктүрүү, финансы рыногун трансформациялоо жана санарип валютаны киргизүү боюнча жаңы маселелерди чечүү алдында турабыз.

Ошондой эле банк секторунун кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө байланыштуу жана ишке болгон ак ниет, чыгармачыл мамилесинен улам, жарандардын финансылык көз карандысыздыгын жана мамлекеттин туруктуулугун бекемдөө боюнча негизги максаттарды жана милдеттерди ишке ашыра алабыз деп ишенем», — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр