Президент балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышты

  • 2 года мурун
Президент балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышты

Президент Садыр Жапаров балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыга катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Силерди көптөн күткөн эң ажайып майрамыңар — жаңы 2023-жылыңар менен чын дилимден куттуктайм.

Ушул саналуу күндөрдө биз — баарыбыз, силер дагы өтүп бараткан жылда болгон бардык жакшы иштерди эстеп, жетишкен ийгиликтерди көз алдыбыздан өткөрөбүз. Себеби, алар өз учурунда баарыбызга жылуу сезимдерди, кубанычтуу мүнөттөрдү тартуулаган. Андай жагымдуу учурлар силердин окууга болгон кызыгууңарды арттырып, демиңерге дем, күчүңөргө күч кошту.

Силердин мектеп турмушуңардагы маанилүү окуя — эл аралык олимпиадалардан жеңип келгениңер агай-эжейлерди, ата-энелерди жана жалпы эле өлкөбүздү айтып бүткүс керемет кубанычка бөлөдү, көңүлүбүздү көкөлөттү.

Мисалы, узап бара жаткан жылда республиканын мектеп окуучуларынын химия, математика, физика боюнча түрдүү эл аралык олимпиадалардагы жеңиштери баарыбызды абдан кубандырды.

Дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашык мектептен 10 000 окуучу катышкан Улуу Британиядагы биология олимпиадасында биздин окуучулар 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медалга, жалпысы 14 медалга ээ болушту. 

Алар сүйүктүү Кыргызстаныбыздын атын дүйнөгө даңазалашты. Биз дагы түндүгүнөн күн нуру жаркыраган кызыл желегибизди бийик желбиреткен силердин классташтарыңар, курбу-курдаштарыңар менен абдан сыймыктанабыз! 

Үстүбүздөгү жылы биздин окуучуларыбыз ден соолуктарын дайыма чыңдап, спорт менен талбай машыгып, эл аралык мелдештерде натыйжа көрсөтүүгө да жетишти. 

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин  Уфа шаарында өткөн тогузунчу эл аралык мектеп спартакиадасына катышкан 400дөн ашуун мектеп окуучуларынын ичинен жаш баскетболчуларыбыз байгелүү орун ээлеп, жеңишти камсыздай алышты. 

Мындай ийгиликтерибизди санай берсек, бир топ. Эми 2023-жыл Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн албан-албан ийгиликтерди алып келген, жаратман окуялар менен жакшы өзгөрүүлөргө толгон жемиштүү жыл болсун деп тилек кылалы. Биз силерден келе жаткан Жаңы жылда мыкты жетишкендиктерди, кызыктуу идеялар менен жаңы ачылыштарды жана кыргыз элине тартуулаган жеңиштерди күтөбүз! Алдыңарда кеңири мейкиндиктер ачылып, алдыга койгон максаттарыңар ишке ашсын! 

Бүгүнкү күндө КОВИДден кийинки мезгил деп аталган жаңы реалдуулук пайда болуп, дүйнөдө биринчи кезекте билим берүү секторун санариптик технологияларга өтүүгө, STEM предметтерин изилдөөгө, табигый илимдерге, технология, инженерия жана математикага басым жасоого алып келди. Силер жакшы билгендей, IT-технологиялары келечектүү тармакка айланды. Ошентип санариптештирүү биздин жашообуздун бардык чөйрөлөрүн камтыды. 

Ар бир окуучунун ата-энеси уул-кызынын жараткан ийгиликтерине кубанган окуялар көп болсун! 

Агай-эжейлердин окуучуларын татыктуу тарбиялап, терең билим берүүгө ынтызарлыгы, чыгармачылыгы артсын! 

Билимдүү жаштарыбыздын саны арбып, элибиздин келечекке болгон үмүт-тилеги жанып, өлкөбүздүн өнүгүүсү ыкчамдай берсин! 

2023-жыл ар бир окуучу үчүн чоң-чоң жетишкендиктердин жылы болсун», — деп сүйлөдү Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты