Президент “Баалуу металдар жана асыл таштар жөнүндө”  мыйзамга кол койду

  • 2 года мурун

Өлкө башчы Садыр Жапаров  “Баалуу металдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам 30-июнда  Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуунун бирдиктүү мыйзамдык базасын түзүү. 

“Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдө бирдиктүү мыйзамдык базаны, ачык-айкын механизмди түзүүнү, чөйрөдө так критерийлерди жана тартипти белгилөөнү камсыз кылат. 

Мындан тышкары баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүүгө, зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталат. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты