Президент 2024-жылдын республикалык бюджетине кол койду

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамда өлкөнүн 2024-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 378 млрд 405 млн 583,1 миӊ сом суммасында жана чыгашалар боюнча 367 млрд 493 млн 223,5 миӊ сом суммасында бекитилери каралган.

Ошондой эле, 2024-жылга республикалык бюджетинин профицити 10 млрд 912 млн 359,6 миӊ сом суммасында белгиленген. Ал финансылык активдер менен болгон операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн жана тышкы милдеттенмелердин негизги бөлүгүн (мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын) жабуу үчүн чыгашаларды каржылоого жумшалат.

Мындан тышкары, документте 2025–2026-жылдарга республикалык бюджеттин пландык көрсөткүчтөрү көрсөтүлгөн.

Мыйзам 2023-жылдын 14-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты