“Помидор тумоосу” аттуу жаңы вирус чыктыбы? Текшеребиз

Акыркы убактарда интернет айдыңында “Дүйнөдө “помидор тумоосу” аттуу жаңы вирус чыкты деген маалыматтар тарап жатат. 

“Помидор тумоосу” аттуу жаңы вирус чыктыбы? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

“Помидор грипп” оорусу 

“Помидор тумоосу” деп аталган вирус май айында Индиянын Керала провинциясында жайыла баштаган. Алгач оору башталганда  дененин бир нече жеринде помидор түрүндөгү ыйлаакчалар пайда болот. Алар кызыл түстөгү кичинекей ыйлаакчалар түрүндө башталат жана чоңоюп, помидордун формасына окшошуп кетет. Ошондуктан жергиликтүү медицина кызматкерлери бул тумоону “помидор ысытмасы” же “помидор тумоосу” деп аташкан. 

6-майдан бери Индияда бул ооруну 5 жашка чейинки 80ден ашуун бала жугузуп алган. Алардын көбү өлкөнүн түштүгүндө катталган. 

“Помидор тумоосу” аттуу жаңы вирус чыктыбы? Текшеребиз

Дарыгерлердин айтымында, бул оору жакында Европада жайыла баштаган “маймыл чечеги” оорусуна окшоп кетет. Ошол эле учурда “помидор вирусу” “маймыл чечеги” вирусуна караганда жугуштуу деген версия бар. 

Вирустун симптомдору 

Бир катар вирусологдордун айтымында, “помидор ысытмасы” “шарп” оорусунун жаңы варианты болушу мүмкүн. Анткени аталган оорунун жаш балдарга жугуп калуу коркунучу жогору. Бүгүнкү күнгө чейин Индияда “помидор тумоосунан” каза болгондор катталган жок.

Амрита ооруканасынын ички оорулар бөлүмүнүн ассистенти доктор Субхаш Чандра оору лмг алып келбесе да, коркунучтуу экенин билдирген. 

“Бул өлүмгө алып келе турган оору эмес, бирок жугуштуу. Адамдан адамга жугушу мүмкүн. Бирок биз дагы дле анын жайылышынын чыныгы жолдорун аныктап жатабыз.”,-деп айткан. 

Индиялык врачтардын маалыматына ылайык, вирустун төмөндөгүдөй симптомдору бар. 

-Чарчоо;

-Ашказан оорусу;

-Жүрөк айлануу жана кусуу;

-Ич өтүү;

-Жөтөл;

-Чүчкүрүү;

-Бүт дененин ооруксунуусу сыяктуу симптомдору бар экени белгиленген. 

Дарыгерлердин айтымында, “помидор ысытмасы” оорусун бир гана жаш балдар эмес, чоңдор да жугузуп алышы мүмкүн. Ал эми ооруну алдын алуунун эң эффективдүү жолу жеке гигиенаны сактоо. 

Белгилей кетсек, бул вирус жөнүндө Бириккен улуттар уюму билдирүү тарата элек. 

Жыйынтык: “Помидор вирусу” оорусу Индияда тарап жатканы чын. Ооруну көбүнчө 5 жашка чейинки балдар жугузуп жатканы айтылды. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты