Польшада коомдук ЖМКларды жоюу жараяны башталды

  • 7 месяцев мурун

Польшада коомдук телеканалдарды жана маалымат агенттиктерин жоюу жараяны башталды.

Буга чейин Дональд Тусктун жаңы өкмөтү сегиз жылдан бери мамлекеттик маалымат каражаттары мурдагы башкаруучу партиянын үгүт каражатына айланганын билдирген.

Польшанын ММКлары коомдук маалымат каражаттары жоюлбай турганын боолголошуп, бул жаңы европачыл өкмөттүн телерадио жана агенттиктерди “Укук жана Адилеттүүлүк” партиясынын таасиринен чыгаруу боюнча кезектеги кадамы катары баалашууда. Муну маданият министрлигинин билдирүүсү кыйыр түрдө ырастады.

Тусктун коалициясы тең салмактуу мамилеге ээ болгон жаңы медиа түзүүнү убада кылды.

Польша парламенти – Сейм «Укук тартибин калыбына келтирүү, мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын жана Польшанын басма сөз агенттигинин калыстыгы жана бүтүндүгү жөнүндө» резолюция кабыл алды. Документте Сейм бардык мамлекеттик органдарды жарандардын ишенимдүү маалыматка жетүү укугун камсыздоого багытталган чараларды көрүүгө чакырды.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты