«ПолитКлиника» журналисттик иликтөө мектебин ачты

  • 2 года мурун

«ПолитКлиника» журналисттик иликтөө мектебин ачты. Бул мектептин жүрүшүндө «ПолитКлиника» өз тажрыйбасынын негизинде 3 ай бою журналисттерге, журналистика факультетинин студенттерине, активисттерге журналисттик иликтөө даярдоону башынан баштап үйрөтүшөт.

Бул иликтөөчүлөр мектебинде эмнелерди үйрөнөсүз?

— Пландоо;
— Ачык жана жабык булактар менен иштөө;
— Маалымат алуу үчүн легенда ролго кирүү;
— Маалыматтарды систематизациялоо;
— Генералдык интервьюну алуунун сырлары;
— Текстти жазуу;
— Фактчекинг;
— Иликтөөнү алдыга жылдыруу;
— Иликтөөгө каржы табуунун жолдору;

Эске салсак, «ПолитКлиника» кыргыз тилдүү жергиликтүү медиалардан биринчилерден болуп OCCRP’нин стандарттары менен журналисттик иликтөөлөрдү жасап баштаган. Иликтөө журналистиканын жаңы жанрларынын бири.

 «ПолитКлиника» иликтөөлөрү менен ири коррупциялык схемалардын, жемкорлуктун, өлүмдөн акча жасагандардын бетин ачкан. Ошондой эле, ал иликтөөлөрдөн кийин, министрлер, депутаттар жана башка дагы чиновниктер суракка чакырылып, мамлекетке миллиондорду төлөгөн учурлар болгон.

 Ошону менен катар эле «ПолитКлиниканын» иликтөөлөрү бир катар республикалык сынактарда сыйлуу орундарды алган. Аны менен катар эле биздин иликтөөлөрүбүздү абройлуу эл аралык уюмдар өз аянтчаларында жайгаштырган.

Иликтөөчүлөр мектебинин баасы үч айга 17000 сом, биринчи жазылган 5 катышуучуга 9900 сом. Катышууну каалагандар +996773778957 номерине байланышса болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты