Politico: Кытай Орусияга винтовкаларды жеткирген

  • 1 год мурун

Кытай компаниялары Орусияга согушта колдоно турган миңдеген мылтыктарды, дрондордун тетиктерин жана ок өтпөс жилеттерди жеткиришкен. Бул тууралуу Politico сайты ImportGenius бажы маалымат агрегаторунуна таянуу менен билдирди.

Курал-жарактарды жеткирүү 2022-жылдын июнь-декабрь айларында ишке ашкан. Кытайдын коргонуу тармагындагы эң ири мамлекеттик компанияларынын бири China North Industries Group Corporation Limited июнда Орусияга «Техкрим» компаниясынын винтовкаларын жеткирген.

Politicoнун маалыматына караганда, CQ-A мылтыктары америкалык M16 винтовкасынын үлгүсүндө жасалган. Бирок документте “жарандык мергенчи куралы” катары көрсөтүлгөн. Кытайда аларды полиция, Филиппиндер, Түштүк Судан жана Парагвайда аскер кызматкерлери колдонот.

Орус компаниялары Түркия аркылуу кытайлык компаниялардан дрондордун тетиктерин жана чопкутталган кийимдерди алышкан. Дагы бир кытайлык компания былтыр ноябрь-декабрь айларында Орусияга Бириккен Араб Эмираттары аркылуу учкучсуз учуучу учактардын тетиктерин жеткирген.

Согушта орус тарап кытай виновкаларын колдонуп жатканы белгиленген эмес. Бирок Mugin-5 дрону Украинада атып түшүрүлгөн. Mugin Limited компаниясы дрон алардын өндүрүшүнөн чыкканын тастыктап, окуяны “өтө өкүнүчтүү” деп атаган.

Import Genius маалымдагандай, былтыр декабрда Орусия 10 миллион долларга зооттолгон кийимдерди сатып алган. Ок өтпөс жилеттерди түркиялык Ariteks чыгарган. Орусия кытайлык Xinxing Guangzhou Import & Export Co компаниясынан да броножилеттерди импорттогон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты