“Политический мусор”. Депутат Жеңишбек Токторбаев сөзүндө кастык тилин колдонуп, Жогорку Кеңештин регламентин бузду

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев сөз сүйлөп, депутат Адахан Мадумаровду “политический мусор” деп атады.

“Политический мусор”. Депутат Жеңишбек Токторбаев сөзүндө кастык тилин колдонуп, Жогорку Кеңештин регламентин бузду

“ПолитКлиника” медиасы депутат Жеңишбек Токторбаевдин сөзүн текшерип көрдү.

Окуянын чоо-жайы 

Бир катар депутаттар камакка алынган саясатчы, активисттердин кармалышы боюнча маселени кароону сунушташты. Алардын катарында депутат Адахан Мадумаров дагы болду. “Кесиптештерибиз туура маселе көтөрүп жатышат. Бул жөнөкөй маселе эмес. Биз Жогорку Кеңеш эмес, башка мамлекеттер дагы буга реакция жасады. Биз эч нерсе болбогондой болуп, мыйзамдарды талкуулап отуруп алганыбыз эл өкүлчүлүгү деген бийик наамга татыксыз болуп калат. Бүгүн кезексиз ушул маселени карайлы”, — деп айтты Мадумаров.

Бул учурда депутат Фархад Исмаилов Мадумаров өзүн пиарлап жатканын билдирди. “Өзүн пиарлоо үчүн көп сүйлөп жатат. Адахан Кимсанбаевич, токтотуңуз, мындай сүйлөгөн болбойт да. Мамлекет азыр кыйын абалда турганда кичине сабыр кылган жакшы”, — деди Исмаилов.

Фархад Исмаиловду Жеңишбек Токторбаев колдоду. “Азыр укук коргоо органдары изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Ошол жумуштар бүткөндөн кийин карасак болот. Биздин кесиптешибиз өзүнөн башканы жакшы көрбөйт. Өзүнөн башканы акылдуу сезбейт. Бул арзан пиар. Кечирип койгула, «улуу сөздө айып жок» дейт, бул “политический мусор”. 30 жылдан бери ошонусунан жазбай өзүн пиарлап эле келе жатат”, — деди Токторбаев.

Депутат Жеңишбек Токторбаев сөзүндө кастык тилин колдонгон

“Кастык тили” деген эмне?

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. Токторбаевдин Мадумаровду “политический мусор” деп айтканы терс баа берүүчү, ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. 

Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин регламентин бузду

Жогорку Кеңештин регламентинин 144-беренесинде жыйналыштарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө тийиш деп жазылган. Депутат Жеңишбек Токторбаев жыйналышта Мадумаровду “политический мусор” деп айтканы Жогорку Кеңештин регламентине каршы келет. 

“Политический мусор”. Депутат Жеңишбек Токторбаев сөзүндө кастык тилин колдонуп, Жогорку Кеңештин регламентин бузду

Жыйынтык: Депутат Жеңишбек Токторбаев депутат Адахан Мадумаровду “политический мусор” деп атаганында кастык тили колдонулуп, Жогорку Кеңештин регламентининин 144-беренесин бузган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты