Пластик, кагаз, аралаш: таштанды иргегенди билесизби? Тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз

Өткөн жылы Бишкек шаарында бир канча таштанды иргөөчү жай ачылган. “Тазалык” ишканасынан билдиришкендей, учурда борбор калаада жети таштанды иргөөчү жай иштейт. Аларда пластикти, кагазды, айнекти, тамак-аш калдыктарын жана кайра иштетилбей турган таштанды түрлөрүн бөлүп салуучу үкөктөр бар. Мындан тышкары, борбор калаада кайра иштетүүгө жараган таштандыны “Тазар” тиркемеси аркылуу дагы өткөрүүгө болот. Бул үчүн алгач таштандыны үйдөн өз-өзүнчө чогултуу зарыл. Сиз күнүмдүк жашоодо чыккан таштандыны кантип иргөө керек экенин билесизби? Төмөндөгү тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз.

“Бул материал “МувГрин” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстанда жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия регионунда климатты коргоого берилгендик” долбоорунун алкагында даярдалды. Бул материалдын мазмуну үчүн “ПолитКлиника” медиасы жооптуу. Материалда айтылган пикирлер “МувГрин” коомдук бирикменин көз карашын чагылдырбашы мүмкүн.”

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты