Пионер уюмунун 100 жылдыгына карата уюштурулган мааракелер Билим берүү министрлигинин тапшырмасы болгону чындык (Фактчекинг)

23-май күнү Тынчтыкбек Жанадыл аттуу Фейсбук колдонуучусу Караколдогу №5 мектепте окуучуларды “Пионерликке” кабыл алуу салтанаты болгонун жазып чыккан. Анда бул иш чара CCСРге кайтып баруу жана артка кадам экени айтылган. 

Пионер уюмунун 100 жылдыгына карата уюштурулган мааракелер Билим берүү министрлигинин тапшырмасы болгону чындык (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Пионерлик жана СССР 

В. И. Ленин атындагы Бүткүл союздук пионердик уюму СССРдеги балдардын массалык уюму болуп саналган. Ал 1922-жылдын 19-майында “Балдардын кыймылы” резолюциясын кабыл алган II Бүткүл Россиялык конференциясынын чечими менен түзүлгөн. 

Пионер уюмунун 100 жылдыгына карата уюштурулган мааракелер Билим берүү министрлигинин тапшырмасы болгону чындык (Фактчекинг)

Ошондон бери 19-май “Пионер күнү” катары белгиленип келет. Адатта бул күнү 9 жаштан 14 жашка чейинки мектеп окуучулары ант берип, пионерлердин катарына өтөт. 

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын тапшырмасы

Буга чейин 19-май күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы мектепте Владимир Лениндин эстелигинин ачылыш салтанаты болгон. Кийинчерээк шаар мэрлиги Лениндин жаңы жасалган бюсту өзүм билемдик менен коюлганын билдирип, чара көрүлөрүн эскерткен. 

Бул коомчулук арасында бир топ талкуу жана нааразычылыктарды жараткан. 

Кийинчерээк маалым болгондой, «Союздук пионерлердин» 100 жылдыгына карата уюшурулуп жаткан “пионерликке кабыл алуу” сыяктуу иш чаралар Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы болгон. 

Пионер уюмунун 100 жылдыгына карата уюштурулган мааракелер Билим берүү министрлигинин тапшырмасы болгону чындык (Фактчекинг)

Аталган телефонаграмага билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кол койгонун көрүүгө болот. 

Надира Жусупбекова түшүндүргөндөй, тарыхты унутпоо максатында бул кадам жасалган.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык маарекесине байланыштуу телефонаграма боюнча түшүндүрүп кетсем.

“Ушундай иш-чараны уюштурууну көздөп жатабыз, тарыхыбызды унутпайлы, көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранам”, — деп Бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча төрайымы Жаңыл Түмөнбаеванын мамкатчыга кайрылуусунун негизинде мен бул телефонаграмманы жөнөткөм.

Арабызда ошол доорду башынан өткөргөн аталарыбыз, апаларыбыз бар. Алардын акыл-эсинен бул пионерлик доорду өчүрө албайбыз. Башка учурдагы юбилейлик даталарды белгилеп келгенибиз сымал, бул датаны да эч кандай саясий, идеологиялык максаты жок эле белгилеп коюу үчүн жиберилген”, — деп айткан Надира Жусупбекова.

Мындан сырткары, Надира Жусупбекова Билим берүү жана илим министрлиги менен кеңешпей туруп бул кадамды жасаганын билдирип, кечирим сураган. 

“Бирок, тилекке каршы Министр менен, жалпы жетекчилик менен кеңешпей туруп жибергеним үчүн кечирим сурайм. Туура кабыл алууңуздарды өтүнөм!”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, Надира Жусупбекова 2018-жылы март айынан бери Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеп келет. 

Жыйынтык: Союздук пионерлердин мааракесине карата мектептерде жасалып жаткан иш чаралар Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасынын негизинде уюштурулган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты