Пассивдүү чылым чегүү активдүү тамеки тартуудан 2-3 эсе көп зыян алып келеби? Текшеребиз

Пассивдүү тамеки тартуунун зыяндуулугу тууралуу бир нече изилдөөлөр жасалып келет. Алардын айрымдары пассивдүү тамеки тартуу активдүү тамеки тартуудан 2-3 эсе көп зыян алып келүү коркунучу бар деп эскертсе, айрым изилдөөлөрдө пассивдүү тамеки тарткандын таасири өтө деле коркунучтуу эмес экени айтылат.

 “ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтарды текшерип көрдү. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы убактарда тамеки тартпаган адамдар, өзгөчө жаш балдар башкалардын тамеки тартуусунан олуттуу жабыркап жатканын билдирген.

Тамеки тарткан адам активдүү тамеки тартуучу, ал эми анын жанындагы адам ошол түтүн менен дем алса, ал пассивдүү тамеки тарткан болуп эсептелет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча чылым чеккен адам тамеки түтүнүнүн 20 пайызын гана жутат, ал эми  калган түтүн айланадагыларга таралат. Дүйнө жүзү боюнча балдардын жарымы пассивдүү тамеки тартууга дуушар болот деп болжолдонууда. Бул алардын астма, пневмония жана бронхитке, ошондой эле төмөнкү дем алуу жолдорунун тез-тез инфекцияларына чалдыгуу коркунучу бар экенин билдирет. Жыл сайын үзгүлтүксүз пассивдүү тамеки тарткан 5 жашка чейинки 165000 бала каза болот. Чоңдор көбүнчө өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү ооруусуна чалдыгышат.

Ошондой эле тамекинин түтүнү кош бойлууларга түйүлдүктөгү баланын өсүшүн жана өпкөнүн калыптануусун басаңдатат. Ал эми ымыркайларда капыстан өлүм синдрому коркунучу жогорулайт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, тамекинин түтүнүндө 4000 ден ашык химиялык заттар бар. Алардын 250сү зыяндуу, 50дөн ашыгы рак клеткаларын пайда кылуучу заттар (канцерогендер) болуп саналат. 

Эмне үчүн активдүү тамеки тартып жаткан кезде жанындагы адам көбүрөөк жабыркайт?

Америкалык рак менен күрөшүү уюмунун изилдөөсүнө ылайык  активдүү тамеки тартып жүргөн организм тамеки чегүүгө ыңгайлашып калат. Башкача айтканда, бир нече жылдар бою организмдин клеткалары никотиндин жана түтүн компоненттеринин чабуулуна туруштук берип, адаптацияланып калган. Ал эми пассивдүү тамеки тарткандардын денеси адаптация болбогону үчүн зыяндуулугу көбүрөөк тиет.

 Ошондой эле тамеки тартып жаткан адам дем алып кайра чыгарган түтүн “каптал” түтүн деп аталат. Каптал түтүндө көптөгөн заттардын концентрациясы баштапкы абалга караганда ашып кетет. Мисалы, анын курамында никотин 50 эсе, азот кошулмалары 45 эсе көбөйөт, анын ичинде аммиак да бар.

Төмөнкү таблицада активдүү тамеки тартуучунун 1 тамекини тарткандагы таасири жана анын жанында пассивдүү тамеки тартууга катышкан бир адамга тийгизген таасири көрсөтүлгөн.

Пассивдүү чылым чегүү активдүү тамеки тартуудан 2-3 эсе көп зыян алып келеби? Текшеребиз

    Чылым тарткан киши зыяндуу адатынын кесепетинен жалгыз өзү эле эмес, үй-бүлөсү жана айланадагы адамдар да жабыркайт.

Жыйынтык: Активдүү тамеки тартып жаткан адамга караганда пассивдүү тамеки тарткан адам көбүрөөк зыянга дуушар болору чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты