Паспорт жасалмалоо жана жеке маалыматтарды пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

  • 1 неделя мурун

Мамлекеттик бажы кызматы чөйрөсүндө укукка каршы ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР жарандарынын жеке маалыматтарын колдонуу жана бажылык тазалоо үчүн документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызмат билдирди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.Т.Д. аттуу жаран автотранспорт каражаттарын бажылык тазалоону жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк жактарга Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортту көрсөтүп, кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттогону аныкталган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин жасалмалоо жана жеке маалыматтарын пайдалануу фактысы боюнча тиешеси бар эки адам кармалып, камакка алынды.

Паспорт жасалмалоо жана жеке маалыматтарды пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканы айтылды.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты