«Парламеттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Ынтымак” партиясы алдыга озуп чыгат» деген маалымат манипуляция (Фактчекинг) 

30-октябрь күнү “nvideo.kg” сайтында алдыда боло турган шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Ынтымак” партиялары алдыга озуп чыгат деген маалымат жарыяланган. Анда, бул изилдөө Эл аралык республикалык институттун (IRI) социологдору тарабынан жүргүзүлгөнү айтылат. 

"Парламеттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Ынтымак” партиясы алдыга озуп чыгат" деген маалымат манипуляция (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

IRI институтунун изилдөөсү 

International Republican Institute (IRI) институту 1983-жылы АКШда ачылган. Аталган уюм, коммерциялык эмес мүнөздө иш алып барат жана дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө жыл сайын социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп турат. 

Эл аралык Республикалык инстутуттун (IRI) Кыргызстан жөнүндөгү  эң акыркы изилдөөсү август айында жарыяланган. Социологдор 2021-жылдын июль айында Кыргызстан боюнча ар кайсы аймактарда жашаган 1211 адамды сурамжылап, өлкөдөгү социалдык жана саясий абалга анализ жүргүзүшкөн. 

Натыйжада, бул жылы кыргызстандыктарды эң түйшөлкөн маселе кымбатчылык жана жумушсуздук болгон. 

"Парламеттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Ынтымак” партиясы алдыга озуп чыгат" деген маалымат манипуляция (Фактчекинг) 

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу коронавирус да элди түйшөлткөн маселелердин сап башына чыккан. 

Мындан сырткары изилдөөдө, саясий лидерлер жана партиялар жөнүндө да сурамжылоо жасалган. Натыйжада сурамжылоого катышкан 1211 адам ишенимдүү саясатчы катары Садыр Жапаровду жана Камчыбек Ташиевди көрсөтүшкөн. 

IRI жарандардын саясий партияларга ишеним деңгээлин изилдеген. Алдыңкы бештикке “Ата Журт”, “Ата Мекен”, “Республика”, “Социал-демократтар” жана “Мекенчил” партиялары кирген.

"Парламеттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Ынтымак” партиясы алдыга озуп чыгат" деген маалымат манипуляция (Фактчекинг) 

Сурамжылоодо “Келе жаткан жекшембиде парламенттик шайлоо болсо, кайсы партияга добуш берет элеңиз? деген суроо да камтылган. 

Катышкандардын 11%ы “Ата-Журт Кыргызстанга, 11%ы “Мекенчил” партиясына, 7%ы “Ыйман Нуру” жана 3%ы мурдагы парламенттик шайлоодо массалык добуш сатып алууга айыпталган “Биримдик” партиясына добуш бере турганын билдирген. 

"Парламеттик шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” жана “Ынтымак” партиясы алдыга озуп чыгат" деген маалымат манипуляция (Фактчекинг) 

Башкача айтканда, 28-ноябрда боло турган шайлоодо кайсы партия лидер болуп жатканы тууралуу IRI институту изилдөө жүргүзө элек. 

Белгилей кетсек, изилдөө чакан аудиторияда жүргүзүлгөндүктөн бүтүндөй Кыргызстандыктардын көз карашын чагылдыра албайт. 

Бийликке ыктаган 3 партия 

Буга чейин ПолитКлиника медиасы “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Ынтымак” партияларынын алдыкы 15тигин изилдеп чыккан. Анда,” партиясынын курамындагы жети талапкер 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкандар түзгөн. Ал эми партиядагы сегиз талапкер мурдагы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясы менен катышышкан. 

Ал эми “Ынтымак” партиясынын алдынкы 15тигинде болгондордун үчөөсү Марлен Маматалиев жана Абдиталип Акимов мурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамында, ал эми Сагындык Келдибаев “Биримдик” партиясы менен мурдагы шайлоого катышышкан.

Жыйынтык: 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоодо 3 партия лидер болуп жатат деген маалымат манипуляция. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты