Парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 3%ы добуш берди. Инфографика

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-ноябрда, өтүп жаткан Парламенттик шайлоонун саат 10:00гө карата добуш берген шайлоочулардын саны чыкты.

Ага ылайык, Бирдиктүү шайлоо округу боюнча жалпы шайлоочулардын 3%ы добуш берди.

Ошондой эле, Бир мандаттуу шайлоо округдарындагы көрсөткүчтөрү да жарыяланып, добуш бергендердин саны 2,8%дан ашкан.

Эске сала кетсек, бүгүн өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты