Парламенттик шайлоодо утуп чыккан талапкерлерге 22-декабрда мандат тапшырылат

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо утуп чыккан талапкерлерге 22-декабрда мандат тапшырууну пландап жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу БШКнын маалыматына таянып жазды.

Жаңы чакырылыш Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын негизинде ишин баштайт. Мандат берилгенден кийин эки апта ичинде жаңы чакырылыш биринчи сессиясын өткөрүшү керек. Парламенттин жаңы курамы ишин баштаган күндөн тартып VI чакырылыш ишин токтотот.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өткөн. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Алардын 54ү партиялык тизме менен келсе, 36сы өз алдынча шайланды. Бир мандаттуу округ боюнча Бишкек шаарындагы эки райондо бардыгына каршы добуш бергендер көпчүлүктү түзүп, кайра шайлоо өтмөй болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты