Парламенттик шайлоодо партия лидерлери  канча добуш алышты? Рейтинг 

28-ноябрда өткөн парламеттик шайлоого, Республика боюнча 21 партия катышты. 

ПолитКлиника медиасы партия лидерлери канча добуш алганын анализдеп көрдү. 

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын маалыматына ылайык, автоматтык эсептөөчү жабдуудадан эсептелген добуштар боюнча “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров алдыга чыккан. Ал 23 миң 191 добуш алган. Ал эми экинчи катардагы Нуржигит Кадырбеков 14 миң 716 добушка ээ болгон. Оппозициялык лидер Өмүрбек Текеаев 9 миң 444 добушка ээ болуп төртүнчү орунду ээлеген. 

Парламенттик шайлоодо партия лидерлери  канча добуш алышты? Рейтинг 

Ал эми, 28-ноябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо 5%дык чектен жети партия өттү. 1-декабрга алынган маалыматка ылайык: 

  1. “Ата-Журт Кыргызстан” 15.03%;
  2.  “Ынтымак” 14.52%;
  3. “Ишеним” 12.25%;
  4. “Ыйман Нуру” 7.42%;
  5. “Альянс”  6.97%
  6. “Эл Үмүтү” 5.76%;
  7. “Бүтүн Кыргызстан” 5.78% добуш алды.

Белгилей кетсек, акыркы жыйынтык толугу менен эсептелип бүтө элек. Борбордук Шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, кол менен эсептөөнүн 37,73%ы бүттү. 

7-чакырылыштын депутататтарынын 54ү парламенттик тизме менен келет. Тактап айтканда мандаттар 5%дык чектен өткөн партиялардын арасында бөлүштүрүлөт. Ал эми 36 депутаттык орунду бир мандаттуу округ боюнча эң көп добуш алган талапкер алат. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты