Парламенттик шайлоо кандай өтүп жатат? (Фоторепортаж)
- 2 года мурун
- Фоторепортаж
Бүгүн 28-ноябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 22,39%ы добуш берди.
ПолитКлиника медиасы шайлоо процессин сүрөттөр менен баяндайт.
Парламенттик шайлоо эртең мененки саат 08:00дө башталды. Өлкө башчысы Садыр Жапаров, жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкек шаарындагы №1053 шайлоо участогуна келип добуш беришти.
Бул учурда Республиканын бардык пункттарында шайлоо процеси жанданып, добуш берүү башталды.
Ар бир шайлоо учасокторунун кире беришинде дезинфекциялоочу каражаттар орнотулган.
Ар бир шайлоо участогунда байкоочулар бар. Алар добуш сатып алуу же мыйзамсыз иш аракеттерди байкаса, дароо кабар берүүгө тийиш.
Шайлоочуларга, бир мандаттуу жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча экиден бюллетень берилүүдө.
Ал эми коопсуздукту камсыз кылуу максатында ар бир шайлоо участогуна ИИМдин кызматкерлери тартылган.
28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.