Парламентте сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталган талапкерлер каралды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталган талапкерлерге добуш берүү жараяны улантылды. Жыйынтыгында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына төмөндөгүлөр тандалды:

  • “Ишеним” парламенттик фракциясы тарабынан сунушталган Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов;
  • Юридикалык коомчулук тарабынан сунушталган талапкер Эрлан Базарбаев.

Мындан тышкары, төмөндөгүлөр бекитилди:

  • Президент тарабынан сунушталган Бакыт Кыдыралиев;
  • Судьялар кеңеши тарабынан шайланган жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине сунушталган судьялардын талапкерлери Марат Акбердиев, Нургуль Асанова, Эльмира Барыктабасова, Шералы Камчибеков, Айвар Кубатов, Дамира Сагынбекова, Аида Сейдакматова, Азис Эшалиев.
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты