Парламентте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына тиешелүү мыйзам долбоору каралууда

  • 2 года мурун

Парламентте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына тиешелүү мыйзам долбоору каралууда.

Жыйын президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган  тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы маалымат берип, Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссияларынын ишинин жетишилген жыйынтыктарына токтолду. Камчыбек Ташиев белгилегендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү участокторду Кыргыз Республикасына калтырып жазуу боюнча макулдашылды: Гавасай 12 849 гектар, Көк-Серек 105 гектар, Баястан 212 гектар, Унгар-Тоо 35 гектар, Кара-Белес 25 гектар, Ак-Таш 100 гектар, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү 19,5 гектар жер.

Ал эми Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагында каларын билдирди.

Мындан тышкары, Кемпирабад суу сактагычы боюнча 4485 гектар жер Өзбекстандын карамагында каларын маалымдады. Муну менен катар суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын сууга тоскоолдуксуз жана чектөөсүз кирүүсүн өзбек тараптан камсыздоо, тегерегине эч кандай инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоо эрежелери камтылган. 

Жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты